Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Нижний Новгороддо Украинадагы согушка каршы митинг өтөт


Бүгүн Нижний Новгород шаарындагы активисттер кайрадан Украинадагы согушка каршы пикетке чыкканы жатат. Бул тууралуу активисттер "Азаттыктын" орус кызматына маалымдаган. Алар шаардагы Театралдык аянтка бийликтин уруксаты менен чогулушат. Митингге ондогон адамдар келет деп күтүлүүдө.

Жакында эле Нижний Новгород шаарындагы активист Аркадий Галкерди райондук сот 27-апрелде анти-аскердик акцияда мыйзам бузган деп, 10 миң рубль айыпка жыккан. Активист бул чечимдерди өз ишмердүүлүгү менен байланыштырат.

27-апрелде Аркадий Галкерди полиция Нижний Новгороддо өтүп жактан акцияда кармап кеткен. Анда Аркадий “Путин, Украинадан жогол!” деген жазуу менен Гитлердикине окшош мурут тартылган орус президентинин сүрөтүн кармап турган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG