Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Жүндү кайра иштетүү тармагына Кытайдан инвестиция тартылат


Кыргызстанда кой-эчки жүнүн кайра иштетүү тармагын өркүндөтүү үчүн Кытайдын инвестициясы менен технологиясын тартуу пландалууда. Бул тууралуу "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов кытайлык делегация менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жеңил өнөр жай, тигүүчүлүк тармагында кызматташтыкты бекемдөө максатында Бишкекке келген кытайлык өкмөттүк делегация учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке фирмалар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Курамына 700дөй тигүүчү фирма, жеке ишкана кирген "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асановдун айтымында, бир жылда Кыргызстанда 10-11 миң тонна жүн чогултулат. Бирок анын көбү кайра иштетүүгө жарабагандыктан, 30 гана пайызы кездеме токуганга керектелип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG