Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

ЕККУ Украинанын чыгышындагы байкоочуларын көбөйтөт


Эл аралык байкоочулар өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилер ок атууну токтотуу келишимин кандайча аткарып жатканын көзөмөлдөө үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу украин президенти Петро Порошенко менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектеп жаткан Швейцария президенти Дидиер Бурхалтердин 13-сентябрдагы жолугушуусунан соң маалымдалды.

Украин президентинин басма сөз катчысы билдиргендей, Порошенко 5-сентябрда кол коюлган келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн байкоочулардын келишине макулдугун билдирген.

Учурда Луганск жана Донецк облустарында ЕККУнун 70 өкүлү абалга көз салып жатат.

Ишемби күнү ок атышпоо келишимине карабай, аймакта салгылашуулар уланып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG