Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

"Көчмөндөр оюндары" уланууда


Азыркы күнгө чейин кыргыз күрөш, казак күрөш, ордо, тогуз коргоол жана алыш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Учурда көкбөрү, ээр оодарыш, тыйын эңмей боюнча мелдеш уланууда.

Оюн жыйынтыгында командалык эсепте Кыргызстандын курамасы алдыда келе жатат. Кыргыз спортчуларынын капчыгында 41 медал бар. Алардын ичинен 11 алтын, 15 күмүш жана 15 коло. Экинчи болуп тогуз алтын, жети күмүш жана алты коло медал менен Казакстандын командасы келүүдө. Ал эми үчүнчүлүктү Түркмөнстандын курамасы ээлеп жатат. Алардын капчыгында үч алтын медал бар. Төртүнчү орунда Тажикстандын спортчулары, бешинчи болуп монголдор келатат.

9-сентябрда башталган "Көчмөндөр оюнуна" 17 мамлекеттен спортчулар келген. Оюндар 14-сентябрда жыйынтыкталат.(BkA/MK)

XS
SM
MD
LG