Максаттыктардын муң-зары
Кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан кийин Лейлек районунун Максат айылынын тургундары район борборуна Тажикстан аркылуу каттай албай, жол маселеси түйшүк жаратты. Айыл 1994-жылдары кыргыз-тажик чек арасын бекемдөө ниетинде негизделип, өкмөт тарабынан 61 турак үй курулган. Бирок үй куруп берүү менен эле маселе чечилбейт экен дешет жергиликтүүлөр.