Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Евробиримдик Молдованы кол коюуга чакырды


Евробиримдиктин төрагасы Херман Ван Ромпей Молдованын премьер-министри Юрие Лянкэ менен жолугушту.
Евробиримдиктин төрагасы Херман Ван Ромпей Молдованын премьер-министри Юрие Лянкэ менен жолугушту.

Шейшембиде Евробиримдиктин төрагасы Херман Ван Ромпей Молдованын премьер-министри Юрие Лянкэни 27-июнда Брюсселде Евробиримдик менен саясий жана экономикалык келишимге кол коюуга чакырды.

Евробиримдиктин төрагасы мындай билдирүүнү Молдованын баш калаасы Кишиневде өкмөт башчы Юрие Лянкэ менен жолугушуу учурунда жасады.

- Молдова тарыхы, географиясы, жашоо-шарты, маданияты, бардык жагынан Европа өлкөсү экени байкалып турат, – деди Херман Ван Ромпей Кишиневдогу Республика сарайында сүйлөп жатып.

Ал ошондой эле Молдова Европага интеграция келишимине кол коюу менен эле токтоп калбай тургандыгына дагы токтолду:

- Биз бардык күчүбүздү келишимдин аткарылышына жумшообуз керек. Ошондой эле Ассоциациялык келишим биздин кызматташуубуздун акыркы максаты эмес.

Молдованын президенти Николай Тимофти анын өлкөсү Евробиримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп каларына үмүттөнүп турганын билдирди:

- Биздин жарандарыбыз ишеничтүү экенин көрсөтө алышты жана алар жакынкы келечекте Европанын толук кандуу жарандары болууга татыктуу.

Ошондой эле президент Тимофти Молдова өз “эгемен укугун” кандай болгон күндө да ишке ашырарын айтып, ага эч кандай тышкы күчтөр тоскоол болбойт деп баса белгиледи.

Ассоциациялык келишимге эмки айда Евробиримдиктин саммитинин алкагында кол коюлары күтүлүүдө.

12-майда Тимофти НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вербшоу менен жолуккан. Анда Вербшоу Молдовага коопсуздугун камсыздоодо Түндүк альянс көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Тимофти “тышкы күчтөр” деп туюк айтылган сөзүндө Орусияны атабаганы менен Москва Молдованын Евробиримдик менен интергация келишимге кол коюусуна каршы пикирин жашырбайт.

Кишинев менен Москванын мамилеси Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин Жеңиш күнүн жикчил Приднестровьеде тоскондон кийин ого бетер солгундай түштү.

Приднестровье жумурияты 1992-жылкы Кишинев менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миң чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр. Приднестровьенин парламенти 16-апрелде Орусияга кайрылып, региондун төбөлсүздүгүн таанууну жана жумуриятты өз курамына кошуп алууну өтүнгөн. Ошол эле маалда жикчил жумурияттын эгемедигин таануу жөнүндөгү кайрылуу Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна дагы жөнөтүлгөн. Азыр Преднистровье аймагында Орусиянын 1400 аскери "бейкуттукту коргоочулар" деген макам менен жүрүшөт.

Молдова Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимди өткөн жылдын ноябрь айында Вильнюста өткөн Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде Грузия менен бирге жактырган. Ошол эле саммитте Европа лидерлери Украина менен да мындай келишимге кол коюуга ниеттенишкен, бирок расмий Киев тиешелүү документтер өз маалында даярдалбай албай калды деп, иш кийинкиге калган.

Киевдеги антиөкмөттүк нааразылыктар президент Янукович Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимге Украина кол койбой тургандыгын жарыялаган соң, өткөн жылдын 21-ноябрында башталган.

XS
SM
MD
LG