Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Иран Батышка жооп катары өзөктүк программасын кеңейтерин билдирди


Ирандагы ракета сыноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы ракета сыноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранды сындаган резолюция кабыл алынгандан кийин Ислам Республикасы жооп катары заманбап центрифугаларды орнотуп, ишке киргизүү ниетин жарыялады. Бул кадам Ирандын байытылган уран өндүрүшүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

35 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган МАГАТЭнин башкаруучу кеңеши бейшемби күнү резолюция кабыл алып, Иранды эл аралык агенттик менен кызматташууну жакшыртууга жана жазга чейин өзөктүк программасы боюнча толук маалымат берүүгө милдеттендирген.

Резолюциянын тексти Батыш державалары тарабынан сунушталган. Бул Тегеранга өзөктүк программасын өнүктүрүүгө жаңы чектөөлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөргө тартуу максатында басым жасоо аракети.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, шайланган президент Дональд Трамп январь айында кызматка киришкенден кийин мындай сүйлөшүүлөрдү колдойбу же жокпу, белгисиз бойдон калууда.

Иран өзүнүн өзөктүк технологияларын өнүктүрүү багытындагы аракеттерине каршы резолюцияларга такай нааразычылык билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG