Ал АКШда 11-майда белгиленүүчү Энелер күнү алдында жубайы Барак Обаманын ордуна кайрылуу менен чыкты.
Радиодон жана интернеттен берилген кайрылуусунда, Кошмо Штаттардын биринчи айымы Нигерияда 200дөн ашуун кыздын уурдалышын “уятсыз иш” деп атады.
Нигериядагы окуя эки кызды өстүрүп жаткан АКШ президентинин үй-бүлөсүн “кыжырлантканын жана кайгыга салганын” белгиледи.
Жаш кыздардын билимге умтулуусу Нигерияда эле эмес, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да тоскоолдуктарга кабылып жатканын кошумчалады. Барак Обама өзү апта башында уурдалган кыздарды бошотуу үчүн АКШ “колдон келгендин баарын жасарын” айткан болчу.
Нигериялык кыздарды уурдап кеткен "Боко Харам" исламчыл тобунун лидери аларды сатууну көздөп жатканын жарыялаган. (UE)