Баткен күрөшүнүн өзгөчөлүгү
Баткенде илгертен өткөрүлүп келген сайил күрөштөр (Лейлек күрөшү деген ат менен да белгилүү) дагы деле кез-кезде өткөрүлүп турат. Бул оюндун эрежеси азыркы “Алыш” күрөшүнөн айырмаланып бир аз өзгөчө. Салмакта чектөө болбойт. Тизе жерге тийсе жыгылган болуп эсептелет. Аймакта дагы деле мындай мелдештер балдарды сүннөткө отургузуу тойлорунда, майрамдарда уюштурулуп турат.