Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Обама конгрессмендерди санкциядан карманууга чакырды


Президент Барак Обама америкалык конгрессмендерди Иранга каршы жаңы экономикалык санкция киргизбей, дипломатияга мүмкүндүк берүүнү өтүндү. 12-январда Тегеран жана Р5+1 ортосунда жетишилген макулдашуу Ирандын ядролук программасы боюнча алты айлык утурумдук келишимди 20-январдан баштап аткарганга жол ачкан.

Обама мурда Тегеран убактылуу келишимдин шартын так аткарчу болсо, Иранга каршы экономикалык санкция жеңилдетилерин билдирген. Ал 13-январдагы сөзүндө утурумдук келишим “мүмкүнчүлүккө эшик ачканын” айтып, Иран анын шартын толук аткарбаса, санкцияны катуулатууну колдойм деди. Бакубат Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасы атомдук бомба жасоону көздөйт деп шектенет. Тегеран уранды тынчтык максатында гана байытканын айтып келет. Р5+1 тобуна АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

XS
SM
MD
LG