Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ошто акыйкатчы кызматына талапкер көрсөтүлдү


Республиканын түрдүү аймактарында иш жүргүзүп жаткан 58 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү акыйкатчынын ордуна Акылбек Ташбулатовдун талапкерлигин сунуштап бүгүн Ошто атайын маалымат жыйын уюштурду.

Ташбулатов учурда “Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү борбору” коомдук фондун жетектейт.

27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынаарын жарыялаган. Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылды.

Акыйкатчынын ордуна буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов менен “Интербилим” уюмунун Ош филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиеванын да талакерлиги көрсөтүлгөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG