Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Парламент Транзит борбор маселесин өкмөт башчысыз карабайт


"Манас" аба майданындагы НАТОнун Транзит жүк ташуучу борборун жабуу тууралуу маселени парламент премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда гана карайт. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Буга чейин тиешелүү мыйзам долбоору комитеттерде талкууланган. Бүгүн добуш берүү болмок.

“Манастагы” Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт парламентке бир ай мурун жөнөткөн.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG