Бул тууралуу "Азаттыкка" Жерүй кенинин иштешине каршы митингди уюштуруп жаткан "Таластагы кендерди сактап калуу" кыймылынын мүчөсү Кубаныч Асан уулу маалымдады. Анын айтымында, нааразылык акциясын токтотуп, Талас өрөөнүндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын чогултуп чечим кабыл алуу жагы каралып жатат.
15-майдан бери Талас районунун Чат-Базар айылында 4 боз үй тигилип, 100гө жакын жергиликтүү тургун Жерүй кенинин иштешине каршылыгын билдирип жатышат.
16-майда өтө турган Жерүй боюнча конкурска “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген. Мыйзамга ылайык, сынакка бир компания катышса тендер өткөрүлбөйт.
Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүштүн кору бар. (MbA)