Өлкөнүн Конституциялык соту бүгүнкү билдирүүсүндө президент Мохаммед Мурсини сотту дискредитациялоо боюнча өнөктүктүн башында өзү турганы үчүн айыптады. Конституциялык соттун расмий өкүлү Махер Сами:
- Республика президенти Жогорку Конституциялык сотко каршы үзгүлтүксүз өнөктүккө өзү капыстан жана туура эмес жол менен аралашып алганы бул соттун судьяларына оор тийди жана өкүнүчтүү.
Бүгүн ошондой эле Египеттин Кассациялык жана Апелляциялык соттору да президент өзүнүн бийлик укугун кеңейткен, чечимдерин соттукунан да жогору койгон жардыгын артка алмайынча ишин токтотушарын жарыялашты.
Мурсинин өткөн бейшембиде чыккан жардыгы өлкөдө нааразылык толкунун жаратты.
Борбор Каирдин Тахрир аянтынын сыртында Мурсиге каршы демонстранттарды таратуу үчүн полиция бүгүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Президент Мурси ал көргөн чаралар өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү коргоо үчүн убактылуу зарылдыгын айтса, оппозиция аны өзүнө “диктаторлук” бийлик ыйгарып алды деп айыптоодо. (UE)