Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Сирия бийлиги Францияны сындады


Расмий Дамасктын пикиринде, Франциянын сириялык оппозициянын жаңы бирикмесин Сирия элинин жалгыз өкүлү деп таануу чечими “моралсыздык”.

Өлкө тышкы иштер министринин орун басары Файсал Мукдад Францияны “Сирияны бөлүп-жарууга шыктандырууда” деп айыптап, ал колдоону “адам өлтүрүүчүлөргө” жана “террорчуларга” көрсөтүүдө деп белгиледи.

Франция кечээ Батыш мамлекеттери ичинен эң биринчи болуп Сириянын жаңы оппозициячыл коалициясын расмий тааныган.

Оппозициячыл топтор президент Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн кеңири коалиция куроо боюнча макулдашууга ушул жекшембиде Катарда жетишкен.

Араб лигасы менен Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кечээ Каирдеги жыйынында коалиция куралышын алдыны көздөй маанилүү кадам катары кубаттаган, бирок расмий тааныган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG