“Азаттыктын” өзбек кызматы белгилүү сүрөтчү Вячеслав Охуновго бийликтер өлкөдөн чыгууга уруксат бербей, мунун себеби эмнеде экендигин так түшүндүргөн да жок деп маалымдады. Охунов өлкөдөн чыгарылбаган себебин өзүнүн эмгектеринин бирөөсүндө президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованы мыскылдап чагылдырган чыгармасы бар экенин айтып, өлкөдөн чыгууга дал ошол эмгек “жолтоо болду” деп билдирди.