ФИФА топтун дарбазага кирип-кирбегенин аныктай турган технологиялык система менен камсыздаган эки компания менен келишим түздү. Дүйнөлүк футбол федерациясы келишимди “маанилүү” деп атады.
ФИФАнын билдирүсүндө айтылгандай, GoalRef жана Hawk-Eye компаниялары дүйнө жүзү боюнча өз жабдыктарын орнотууга уруксат алышты. Система декабрда Жапонияда Клубдардын дүйнө чемпинатында дагы бир жолу сыноодон өтмөкчү. Эл аралык турнирлерде топ сызыктан өтүп, бирок судья тарабынан гол таанылбаган талаштуу жагдайлар көп болуп келет.
ФИФА жабдыктарды колдонуу чечимин улуттук лигаларга калтырат.