Өлкөнүн сегиз шаарында жекшембиде катарма-катар болгон жардырууларда дагы 100дөн ашуун киши жаракат алды. Полициянын кабарына караганда, чабуулдардын көбү шийи мусулмандарына же коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерине каршы жасалганы байкалат. Багдаддан 20 чакырымдай түндүктө жайгашкан Тажи шаарчасында үч машине жарылып, сегиз адам мүрт кетти, 20дан ашууну жарадар болду. Чабуулдарды ким жасаганы азырынча белгисиз, бирок машине жардыруу менен байланышкан мындай чабуулдарды адатта Ирактагы козголоңчу суннилердин “ал-Каида” уюму жасап жүргөнү белгилүү.