Июнь коогасына эки жылдыгына карата “Тынчтык коңгуроосу” орнотулду. Мэриянын имаратынын жанында орун алган коңгуроо Орусиянын Новосибирск шаарындагы “Светолитие” заводунда жасалган. Ош шаарынын бийликтеринин маалыматы боюнча, аны орнотууга жалпысында 750 миң сом сарпталды.
“Тынчтык коңгуроосун” жасоого эки килограмм тыйын коротулган. Мамлекеттик бюджеттен 100 миң сом акча бөлүнгөн. Кыргызстандагы эң алгачкы “Тынчтык коңгуроосу” элди тынчтыкка жана достукка чакырат. “Тынчтык коңгуроосунун” ачылышына Президент Алмазбек Атамбаев катышты. (SE)