Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

Пакистан президенти Индияга жети жылда алгач ирет келди


Пакистан президенти Асиф Али Зардари жана Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх Делиде өткөн жолугушуу “ийгиликтүү” өткөнүн шардана кылышты. Лидерлердин жолугушуусунда конкреттүү кайсы маселе чечилгени азырынча белгисиз болууда, бирок эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы проблеманы акырындык менен чечүүнү макулдашышты.

Бул Пакистан өлкө башчысынын коңшусу Индияга акыркы жети жылдагы биринчи сапары. Премьер-министр менен жолугушкан соң Зардари Индиянын түндүгүндөгү мусулмандардын ыйык жайына жөнөп кетти.

Байкоочулар бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы катаал маселелер чечилбей калганын айтышууда. Көз карандысыздык алгандан бери ядролук держава саналган бул эки өлкө бир нече ирет согушушкан. 2008-жылы Индия Мумбайдагы жардырууну уюштурган террорчуларды Пакистан жашырып алды деп айыптаган болчу.

XS
SM
MD
LG