Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Эртең Кыргызстанда жаан-чачын болбойт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 2-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам кооптуу аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталууда.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу; Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 7…12 градус; Ош, Жалал-Абад жана Баткеноблустарында де түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11 градус;
Тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз 7…9 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG