Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков кечээ парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, көз жумгандардын көбү кургак учук жана рак ооруларынан жабыр тартып келишкен. Мындан тышкары былтыр 7 адам киши колдуу болгон. Кыргызстан түрмөлөрүндө көп өлүм 2006-жылы катталып, 151 соттолгон адам көз жумган. (KKs)