Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Иран АКШдан кат алганын тастыктады


Иран өкмөтү Ормуз кысыгына байланыштуу АКШдан кат алганын ырастады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарасаттын билдиришинче, Тегеран Мамдепартаменттин каты менен таанышууда жана “зарылчылыгы болсо жообун берет”. Бирок каттын мазмуну жөнүндө эч кандай маалымат берилген жок.

Жума күнү “Нью-Йорк Таймс” гезити Вашингтон Ирандын көсөмү Аятолла Али Хаменейиге кат жолдоп, Ормуз кысыгын тосууга каршы аракетке түртөөрүн эскерткенин жазган.
Ырасмий Тегеран өткөн аптада Ирандын ядролук программасына каршы санкция күчөтүлсө же аскерий сокку урулса, Ормуз кысыгы жабылат деп коркуткан.

АКШнын Энергетика департаментинин эсебинче, дүйнө өлкөлөрү керектеген кара майдын 20 проценти Ормуз аркылуу ташылат.

XS
SM
MD
LG