Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

24-июлда тоолуу аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 24-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31, Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG