Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Евробиримдик талапкер өлкөлөрдөгү реформаларга өз баасын берди


Европа комиссиясы Евробиримдикке кошулууга умтулган өлкөлөрдөгү оң жылыштар тууралуу жылдык докладын жарыялады. Анда Хорватия менен блок ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы башталганы айтылат. Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фуленин айтымында, Хорватия биримдиктин негизги стандарттарына жооп берген реформаларды да жүргүзүүгө тийиш. Комиссия Албанияга талапкер макамын берүү жана Монтенегро менен сүйлөшүүлөрдү баштоо мөөнөтүн жылдырды. Докладда Сербиянын мурдагы провинциясы Косово менен алакалары жакшырып жатканы белгиленет. Ошол эле маалда комиссия Белграддын мурдагы Югославия боюнча трибунал менен кызматташуусу негизги шарттардын бири экенин эске салат.

XS
SM
MD
LG