Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули билдирди. Жаңы конуштарды курууга жарым-жартылай тыюу салган он айлык мораторийдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон израил премьер-министри Бинямин Нетаняху менен сүйлөшүп жагдайды талкуулады. Израил-палестин сүйлөшүүлөрү эки жылдан бери токтоп калган эле, ал ушул айдын башында Вашингтонда кайра жанданган. Палестин лидери Махмуд Аббас израилдиктер конуштарды куруу ишин уланта турган болсо сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетерин эскерткен.