Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Гуантанамодогу эң жаш айыпкердин иши трибуналда каралат


Канадалык Омар Хадр Гуантанамо түрмөсүнүн иши аскерий трибуналда АКШ президентинин кызматына Барак Обама киришкенден кийин каралып жаткан алгачкы айыпкери болот. Хадрды америкалык аскерлер Ооганстандан 15 жаш кургында колго түшүрүшкөн. 2002-жылы Ооганстандын чыгышындагы Хост шаарында “ал-Каиданын” лагери камалоого алынган кезде граната ыргытып, америкалык аскерди мерт кылганы үчүн ал өмүр бою түрмөгө кесилүүсү мүмкүн. Хадр америкалык аскерге граната ыргыткан деген айыпты четке кагып келүүдө жана адвокатынын айтымында, ал күнөөсүн кыйноонун аркасында моюнга алган. Гуантанамо түрмөсүндө отурганына сегиз жыл болгон Хадр - Батыш өлкөсүнүн ал жерде калган акыркы жараны. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал “ал-Каиданын” лагеринен машыгуудан өтүп, бул террордук уюмдун бомба жасоочу тобуна кошулган.

XS
SM
MD
LG