Коммунисттер партиясынын мурдагы жетекчиси Исхак Масалиев бүгүн кызматтан кетүү себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иши Коммунисттер партиясынын алдыдагы шайлоого даярдануусуна жолтоо болуп аткандыктан мындай кадамга барды. Анткени ал козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын чегинен чыга албайт. Ал эми партия лидери партиялык иштери боюнча аймактарды да кыдыруусу керек болот.
Ошондой эле ал ага карата козголгон кылмыш ишин Коммунисттер партиясынын ишине тоскоолдук кылуу катары баалай турганын билдирди.
Айта кетсек, И.Масалиевге карата май айында эле өлкөдө баш аламандык уюштурууга катышкан деген шек менен кылмыш иши козголгон болчу. Интернеттеги маалымат булактарында анын дагы бир айыпталуучу Үсөн Сыдыков менен сүйлөшкөн үндөрү да жайгаштырылган эле. (IJz)