Славян чиркөөсүнүн башчысы орустарды да ушундай тилек кылууга чакырды. Орусияда акыркы 100 жылдагы эң катуу ысыкта чыккан өрттөрдөн акыркы күндөрү аз дегенде 28 кишинин өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ылайык, бүгүнкүгө чейин 774 өрт катталды, аймактык токой бөлүмү өрт азыр 100 миң гектар жерди каптаганын билдирди. Москва аймагында тилсиз жоого каршы төрт миңдей аскер салынды.