Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:19

АКШ Мамлекеттик катчысы Грузияга келди


Грузия - Хиллари Клинтондун Чыгыш Европа жана Кавказ боюнча сапарынын акыркы бөлүгү. Ал бүгүн Тбилисиде грузин президенти Михаил Саакашвили менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана оппозициянын айрым лидерлери мене да жолугары күтүлүүдө. Клинтон кечээ Азербайжан менен Арменияда болгон учурунда бул эки өлкөнү Тоолуу-Карабах боюнча узакка созулуп кеткен чатагын токтотууга чакырды. АКШ тынчтык келишимине жетишүүдө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле Түркияны Армения менен мамилесин нормалдаштыруу боюнча токтоп калган аракетти улантууга, эки өлкө ортосундагы чек араны ачууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG