Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

Европанын радиотележурналисттери кайрылуу жасады


Европанын коомдук телерадиоберүүлөр бирикмеси бардык өлкөлөрдү сөз эркиндигин сыйлоого чакырды. Билдирүү Европа радиотелеуктуруулар союзунун Башкы ассамблеясынын Бакуда өткөн жыйынында жасалды.

Билдирүүдө журналисттерди камоо, сексуалдык кысым көрсөтүү, коркутуулар сынга алынды жана кабарчыларга чабуул жасаган адамдарды жоопко тартууга чакыруу айтылат. Азербайжанда журналисттердин жана жалпы жарандардын универсалдык укуктары бузулганына да көңүл бурулат.

Апрелде Адам укугу боюнча Европа соту Азербайжан өкмөтүн журналист Эйнулла Фатуллаевди абактан чыгарып, келтирилген моралдык чыгым үчүн 25 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG