Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Израиль: Палестин мамлекети 2012-жылга чейин түзүлбөйт


Палестин мамлекети алдыдагы эки жыл ичи курулбасы тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либерман билдирди. Ал мында Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча ортомчулардын АКШ, Улуттар уюму, Евробиримдик, Орусия кирген төртилик тобунун чакырыгын эске алды окшойт. Төртиликтин чакырыгында келишим 2012-жылга карата түзүлүүсү керектиги тууралуу айтылган эле. Бүгүн Иерусалимде орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен кездешкен учурунда Либерман АКШнын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөгү кыйынчылыктарды, палестиндердин өз арасындагы ажырымды белгиледи. Бул аралыкта палестин президенти Махмуд Аббастын өкмөтү жөөт тышкы иштер министрин келишимге жетишүү боюнча эл аралык аракеттерди жээрип жатканы үчүн айыптады. Ал эми палестиндердин согушчан ХАМАС тобу Либермандын сөздөрүн тынчтык келишимине ишенгендерди “жаакка чапкандык” катары баалады.

XS
SM
MD
LG