Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Ноокен райондорунда болуп, эл менен жолугуулар өткөрдү. Бекназаровдун бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жолугушууларда коопсуздук жана референдумга байланыштуу маселелер талкууланды. 25-июнда Азимбек Бекназаров Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда болмокчу. Бул райондордо 2005-жылдагы ыңкылапчылар менен жолугушуу белгиленүүдө.