Тынчтык проблемасын изилдөө боюнча Стокголмдагы эл аралык институттун эсептеринде өткөн жылы дүйнөдө жалпы аскерий сарптоолор бир жарым триллион долларга барабар болду. Бул 2000-жылга салыштырганда 49 процентке көптүк кылат. Аскерий чөйрөгө көп каражат сарптаган жагынан АКШ – биринчи, Кытай – экинчи, Франция –үчүнчү орунда турат. Топ баштаган өлкөлөргө Россия, Британия, Япония, Германия, Индия, Италия жана Сауд Арапстан кирет.