Аскерлер менен полиция Ямайканын борбору Кингстондо наркобарон деп шектелген адамды коргогон топторго каршы күрөшүүдө. 2 күндөн берки атышууларда эки полициячы жана бир жоокер курман болду. Ямайканын премьер-министри Брюс Голдинг башкалаанын бир нече аймагында өзгөчө кырдаал киргизген. Кагылышуулар премьер Голдинг АКШ издөө салган наркобарон Кристофер Коукту колго түшүрүү аракеттери башталганын жар салгандан кийин от алган.