Азыркы тушка дейре 60дай киши - көмүр казуучулар жана биринчи жарылуудан соң аларды куткарып алуу үчүн шахтыга түшкөндөр жер астында калышууда. Өлкөнүн чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгунун айтымында шахтынын ичинде куткару жана издөө жумушу кеңири жүргүзүлүүдө.
Чукул кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматта 10-май күнү шахтыдан 17 кишинин сөөгү жер үстүнө алып чыгарылды. Алар биринчи жарылуу болгондо шахтыга түшкөн куткаруучулар сөөктөрү. Андан мурда 13 көмүр казуучунун сөөгү шахтыдан жер үстүнө чыгарылган. Ооруканага жаткырылгандар эсеби 60 чукул киши. Алардын арасында жалаң эле көмүр казуучулар эмес, биринчи жарылуудан соң жер астына түшкөн куткаруучулар да бар.
Экинчи жарылуудан кийин үчүнчү жарылуу болбосун деп жер астына түшүү ишин токтотушкан. Азыр көмүр казуучулар арасынан дагы 60 ашуун кишинин жолу торолуу бойдон калып келет.
Өкүмөт башчы Владимир Путин шахтыдагы жарылууларды абдан оор, ал тургай, кайгылуу жагдай деп сыпаттады:
- Шахтынын ичин желдетүү үчүн абдан кыска мөөнөт ичинде технологиялык жактан колдон келгендин баарын жасоо керек, - деди В. Путин.
Ишемби түнү жарылуу болгондо «Распадская» шахтынын ичинде 350 ашуун киши болгон. Алардын дээрлиги жер үстүнө чыгууга үлгүргөн. Бирок кайгылуу окуя туурасында эки күн бою маалымат таркаган эмес. Орусияда жеңиш күнүнүн 65 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттар өтүп, чет элдик сый коноктор болгондуктан кайгылуу окуя купуя бойдон кала берген.
Бир гана The Financial Times гезити бул туурасында «Чыгыш Сибирдеги көмүр казуучулар башына келген кайгылуу окуя Орусия жана НАТО өлкөлөрү, АКШ жана Улуу Британия баш болушкан аскерлери Кызыл Аянтта өткөн салтанаттуу парадка көлөкөсүн түшүрдү». – деп жазып чыкты.
«Азаттыктын» кабарчысы жиберген маалыматта көмүр казуучулардын урук-туугандары көйгөйүн ортого салышкан.
- Төрт саат убак ичинде жер үстүнө алып чыгууга болот болчу. Анан экинчи жарылуу болгондон кийин, алардын жолу такыр торолуп калбадыбы, – дейт уулуна күйгөн эне.
Тагдыры дагы эле белгисиз болуп аткандар 500 метр тереңдикте жатышат. «Распадская» шахтысы Орусиядагы көмүр казуучу эң ири ишкана. Анын бир жыл ичи өндүрүп чыгара турган отуну 8 миллион тоннага чамалап барат. Ишкана 1973-жылы пайдаланууга берилген.
Прокуратура кылмыш ишин козгоп, жарылууда курман болгондор артында калгандарына бир миллион рублден жөлөк пул берүү болорун Кемерово губернатору Аман Түлеев билдирди.
Экономикалык серепчи Евгений Гонтмахер:
- Баарыга белгилүү шахтыларда кокустуктар абдан көп. Орто эсептен алганда, ар бир миллион казылып алынган көмүр үчүн бирден киши курман чалынып турат, - дейт.
Ал эми чукул кырдаалдар министири Сергей Шойгу 10-май түшкө жуук айткан маалымдоосунда куткаруучулар жер астында жүрө туруусу үчүн дагы 48 саатка коркунучсуз. Капаста калгандар ичинен 13 киши абдан оор абалда.