Ош-Бишкек жолун тосуп турган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин 400 чамалаш жактоочулары менен ушул тапта Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жолугушуп жатат. “Азаттыктын” кабарчысынын окуя болгон жерден кабарлашына караганда, Конгантиевдин тарапкерлери ары-бери өткөн унаалар топтолуп кеткендиктен “элде күнөө жок” деп жолду убактылуу ачышкан. Бирок чогулгандар өз талаптары аткарылмайын жолду бууй беришерин айтып жатышат.
М.Конгантиевдин жактоочулары кечээ, 26-апрелде Ош-Бишкек кан жолунун, Бүргөндү-Майлы-Суу жолунун ортосун тосушкан. Алар Убактылуу бийликтен М.Конгантиевди бошотууну талап кылып жатышат.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” М. Конгантиевдин абдан маанилүү күбө экенин белгилеп, “өлкөбүздө акыйкаттык орносун десек, Молдомуса Конгантиев акыркы беш жыл боюнча кандай маалыматы болсо, ошол маалыматты айтып берүүсү керек. Бул анын жарандык милдети десек да болот”, - деп айткан эле.(КЕ)