Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Мишел Еркин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, АКШ элчилиги К.Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө жардам бербейт. “Бул маселеге байланыштуу карама-каршы мазмундагы маалыматтар чындыкка коошпойт”,- дейт М.Еркин.