Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн эртең менен Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев кечээ кечке маал учак менен Ошко түшүп, андан ары автоунаа менен кичи мекени – Жалал-Абад облусун көздөй жөнөп кеткен. Жалал-Абад облусундагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов Курманбек Бакиев кичи мекенине келген-келбегенин тактай албаганын, азырынча андай маалымат жоктугун билдирди. (SM)