Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

Реал Мадрид менен Барселона эң көп акча тапкан футбол командалары


Британиялык аудитордук Делойт компанисы жарыялаган отчетко ылайык, испаниялык бул эки команда пайда табуу жагынан дүйнөдө эч кимди алдыга чыгарбайт. Реал Мадрид 30-июнга чейинки 12 ай ичинде 401 миллион евро тапкан. Телекөрсөтүү укугунун кымбаттыгынан артыкчылыкка ээ болгон Реал Мадрид бешинчи жыл катары менен биринчи орунду бербей келатат. Европалык чемпион Барселона 366 миллион менен экинчи, англиялык Манчестер үчүнчү, Байерн Мюнхен төртүнчү орунда. Алардан кийин тизмеде англиялык Арсенал, Челсия, Ливерпул жана италиялык Ювентус турат.

XS
SM
MD
LG