Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Кыргызстанда сөз эркиндиги өнүгүп келаткан жагдайлар бар


Бул тууралуу бүгүн парламентте билдирген Акыйкатчы Турсунбек Акун, Кыргызстанда журналисттерди сабап кетүү, өлтүрүп кетүү окуялары мамлекетке жакшы аброй алып келбестигин маалымдады. Анын айтымында, “Азаттык” үн алгысы Улуттук теле каналдан көрсөтүлбөй, башка жеке менчик теле-радио компаниялары аркылуу эфирден чыгып жатканы туура эмес. Акыйкатчы, “Азаттыкты” өлкө аймагына угузуп, телеберүүлөрүн көрсөтүү маселесин бир нече ирет УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановго айтканын, бирок андан эч бир майнап чыкпаганын белгиледи. Бүгүн парламент Акыйкатчынын жылдык отчетун угуп, канааттандырарлык деп баалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG