Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Жалалабаддык жетекчилер республикалык ишканаларды сынга алды


Губернатор Кошбай Масиров “Кыргызалтын” ишканасы облустагы түстүү металлургия тармагына кайдыгер экенин билдирди. Анын айтымында, тармак былтыр “Терек- Сай” кенинен 400 миллион сомдук алтын концентратын Россияга жиберүүгө кызыкпаган. Казармандагы “ Макмалалтын” кенинде бургулоо жабдуулары эскирип, жаңы техникалар жетишсиз. Энергетика министрлиги 75 миң тонна мунай иштетээр Жалал-Абаддагы жаңы ишканага уруксат берүүнү үч айдан бери создуктурууда. Тогуз-Торо район акими Тагайбек уулу Дамир кадр маселеси чечилбей, алты айда деректир алмашуудан “Макмалалтын” 400 миллион сомдук алтынды ылгап алалбай калганын маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG