Эки ортодогу жашыруун келишимге ылайык, Казакстан Ирандын талаштуу өзөктүк программасын уран менен камсыздамак болууда деген маалыматтарды бүгүн эки өлкө өз алдынча билдирүү жасоо менен төгүндөштү. Маалыматтарга караганда, Иран Казакстандын тазартылган уранынан 1350 тоннаны сатып алмак. Бул үчүн Тегеран Астанага 450 миллион доллар сунуш кылган.
Ирандын Улуттар уюмундагы өкүлчүлүгү Рейтер агенттиги факс менен алган билдирүүсүндө бул маалыматты “негизсиз” жана “жасалма” деп атады. Ошондой эле ири державаларды Иранга каршы психологиялык согушта маалымат каражаттарын пайдаланып жатканы үчүн айыптады.
Мунун алдында жогордагы маалыматты Казакстандын тышкы иштер министрлиги да төгүндөгөн эле. Министрликтин билдирүүсүндө Казакстан мындай маалыматтарды чечкиндүү түрдө четке кагары айтылган. Иран менен Казакстандын жашыруун келишими жөнүндөгү кабар Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин колундагы чалгын документтеринен тарагандай.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп тынчызданып келүүдө. Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келе жатат.