Ирак өкмөтүнүн басма сөз катчысы өлкөнүн мунай тармагы Иран тараптан болгон чабуулдан жабыркаган жок деп билдирди. 18-декабрда ирандык 11 аскер эки өлкөнүн чек арасындагы талашка түшкөн ал-Факках мунай кенин ээлеп алышкан. Иран бийлиги бул окуяны тастыктап, кен Иран аймагында орун алган деп ырасташууда.