Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев долбоорду тез кароону буйруган. Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду 14-декабрда парламенттин кароосуна жөнөткөн. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, депутаттар долбоорду карап, ага макулдук берүүдөн мурун Конституциялык соттун бүтүмүн алышы керек. (EBM)