Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Нарындын тергөө абагында жаткандар ачкачылыкты токтотушту


Быйылкы жылдын май айында мал уурдаган жана тоноочулук кылган деп күнөөлөнгөн жарандар Мирлан Сыдыков менен Марсбек Ибрайымкулов Жумгал райондук соту тарабынан 13 жана 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот чечими Жогорку Сот тарабынан бузулуп, ишти кароо кайрадан кароо райондук сотко жиберилген. Иштин кайрадан ушул сотко жиберилгендигине ишеним көрсөтпөгөн жарандар 12-декабрда ачкачылык жарыялашкан. Мирлан Сыдыков, Марсбек Ибрайымкулов сүйлөшүүлөрдөн кийин ачкачылык акцияларын токтотушту. Соттук териштирүү 22-декабрда болмокчу. (KUs).

XS
SM
MD
LG