Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Жалал-Абадда майрамдык намазга 80 миңге жакын адам катышты


Облустун бардык мечиттеринде Курман Айт намазы окулду. Намазга чогулгандарды жергиликтүү бийлик башчылар менен имам- молдолор куттукташты. Облустук казият намазга 80 миңге жакын адам жыгылганын билдирди. Облустун 1150 тургуну ажылык милдетин аткарганы Сауд Аравияга кетишкен. Буга дейре алардын бирөө кайтыш болуп, сөөгү ошол жакка коюлду. Бир нече райондордо медресе-мечиттердин аттары арабча жана өзбекче коюлган. Областтык бийлик аларды мамлекеттик тилде жазууну казыятка эскертти. (YA)

XS
SM
MD
LG