Дүйшөмбү күнү алтын Нью-Йорк биржасында унции 1111 доллардан сатылып, биржа жабылганда 1101 доллар менен токтоду. Буга чейин алтын мынча кымбаттап көргөн эмес. Декабрда сатылуучу чийки мунай 2 долларга кымбаттап, баррели 79 доллар 43 центтен бааланды. Доллар өз кезегинде башка акчаларга караганда былтыркы августтан берки эң төмөнкү чегине жетти.