Орус Думасындагы оппозициялык депутаттар жекшемби күнкү жергиликтүү шайлоонун жыйнтыктарына нааразылык билдирүү иретинде жыйын залынан чыгып кетишти. Шайлоону бийликтеги Бирдиктүү Россия партиясы жеңди. Оппозициядагы мыйзам чыгаруучулар өнөктүк бурмалоолор менен коштолду деп айыптаса, бийлик аны четке кагууда. Бирдиктүү Россия партиясы көзөмөлдөгөн орус парламентине коммунисттер, либерал-демократтар жана Адилет Россия партиялары кирет. Сессиядан чыгып кеткен депутаттар нааразылыгын президент Дмитрий Медведевге жеке жолугушууда бидирмейинче, парламентке кайтпай тургандыктарын ырасташууда.