Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Кадамжай комбинаты кудуретсиздик алдында


Социалдык фонддун жетекчилигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Кадамжай сурма комбинатын кудуретсиз деп табуу тууралуу арыз жакын арада сотко жолдонот.Депутат Зиядин Жамалдиновдун маалыматы боюнча, Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы казакстандык “АТФ инвест” аттуу компания сатып алып, комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар инвестиция салууга милдеттенген. Бирок алар ушул кезге чейин аткарылган эмес. Тескерисинче комбинаттын карыздары көбөйгөн. Учурда комбинаттын Социалдык фондко карзы 32 миллион сом, энергетиктерге 70 миллион сом, “Кыргызалтынга” 80 миллион сом карызы бар.Мына ушундай абалга байланыштуу Социалдык фонд Кадамжай сурма комбинатын кудуретсиз деп табуу үчүн сотко кайрылат.(AiT)

XS
SM
MD
LG